“Кудайберген” базарында эмгектенген ишкерлер “базардын администрациясы контейнерлерибизди мыйзамсыз жаап салышты” деп SUPER.KG порталына бүгүн, 10-сентябрда билдиришти.
Буга чейин Мамлекеттик антимонополиялык көзөмөл кызматы “Кудайберген” базарындагы соода орундарына ижара акысынын көтөрүлүшүн мыйзамсыз деп тапкан. Ошондой эле жаңы бааларды артка кайтаруу боюнча буйрук берилген. Ага ылайык, жаңы тарифтер макулдашылганга чейин 2009-жылдагы баалар менен иш жүргүзүү каралган.
Бирок, ишкерлердин айтымында, бүгүн жумуш орундарына барган убакта алардын соода орундары мөөр менен бекитилгенин көрүшкөн. Үч күн мурун базардын администрациясы ижара акыны көтөрүлгөн баада төлөөнү талап кылышкан. Айрым ишкерлер жаңы тарифтердин бекитилгендигин тактаган документтерди көргөндөн кийин гана жаңы ижара баасын төлөшөрүн, ага чейин 2009-жылдагы тариф менен иш алып барышарын айтышкан. Бирок андан пайда болгон эмес. Андыктан ишкерлер Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө кайрылып, “Кудайберген” базарынын администрациясынын үстүнөн арыз жазышып, мыйзамдуу чара көрүлүшүн өтүнгөнү жаткандыктарын билдиришти.
Бул тууралуу аталган базардын ээси Эльвира Сурабалдиева: “Кечээ 6 айдан бери карызы барлардын соода орундарын күзөт кызматы мөөр менен бекитип баштаган, баары мыйзам чегинде”,- деп билдирди.