Бишкектин абоненттерине жалпы 110 миң “акылдуу” эсептегич орнотулат

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын абоненттерине 50 миңден ашык электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун маалыматтык-ченөөнүн автоматташтырылган системи бар электр эсептегичтери ("акылдуу" эсептегич) орнотулду. Бул тууралуу 10-сентябрда "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын монтаждоо кызматынын ага устаты Азиз Апиевдин айтымында, "акылдуу" эсептегич паракорлукту жоюуга, дебитордук карыздардан кутулууга жана электр энергиясын берүү даражасын жогорулатууга жардам берет. “Акылдуу” эсептегичтерди орнотуу 2013-жылы башталган жана 2015-жылы коюп бүтүрүү пландалып жатат. Жалпысынан борбор калаага 110 136 “акылдуу” эсептегич орнотулат.  

"Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун маалыматтык-ченөөнүн автоматташтырылган системи бар электр эсептегичтерин орното турган барчалардагы “Түндүк электр” 0,4 кВт чыңалуусундагы аба чубалгыларын өзүн көтөрүп туруучу зымдарга алмаштырууда.

Өзүн көтөрүп туруучу зымдарды монтаждоодо эски жыгач тирөөчтөрдүн ордуна жаңы темир-бетон тирөөчтөр орнотулууда. Азыркы тапта 1107 жаңы темир-бетон тирөөчтөр орнотулду.

Борбор калаабыздагы 0,4 кВт чыңалуусундагы 130 км энергия берүүчү чубалгылары жаңы өзүн көтөрүп туруучу зымдарга алмаштырылды. Азыркы учурда өзүн көтөрүп туруучу зымдарга алмаштыруу иши "Ош базарынын"  айланасында, Батыш автобекети тарабында жүргүзүлүп жатат" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан