Борбор калаада кытай сүрөтчүлөрүнүн “Кытайдын каллиграфиясы жана живописи” аттуу эмгектери көргөзмөгө коюлат

11-сентябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде кытай сүрөтчүлөрүнүн “Кытайдын каллиграфиясы жана живописи” аттуу эмгектеринин көргөзмөсү ачылат.

Аталган музейден билдиргендей, көргөзмөгө кытай сүрөтчүлөрү Ван Мин Лян, Чэн Юй Дун, Ли Шао Жундун портреттик живопись, пейзаж живописи, гүлдөр жана канаттуулар жанрындагы эмгектери коюлат.

Иш-чара 27-сентябрь - байыркы кытай ойчулу жана философу Конфуцийдин туулган күнүнө жана 1-октябрь Кытайдын түзүлүшүнө арналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан