"Биздин боз үйлөр монголиялыктардыкынан айырмаланып турат. Алардын боз үйүн орнотуу татаалыраак болсо керек. Ошентсе да кыргыздын боз үйүн тигүү оңой эмес, ал 36 элементтен турат. Кураштырууда ар бир элемент маанилүү. Биздин алдыга койгон максатыбыз ишке ашты",- дейт "Кыргыз боз үйү" коомдук фондунун директору Бейшембек Жумашалиев.
Этношаарда 200гө чукул боз үй тигилип, маданий көргөзмөлөр башталды. 7 облустун өкүлдөрү бул жерде өзүлөрүнө тиешелүү аймактарды ээлеп, боз үй тигишкен. Жаштардын селкинчек тээп, күрөшүп, жаа атып эс алып жатканын көрүүгө болот.