Ош облусунун Ак-Жар айылында 9-Эл аралык Алма фестивалы өткөрүлөт

13-сентябрда Ош облусунун Ак-Жар айылында 9-Эл аралык Алма фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

2006-жылдан тартып бул фестиваль Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жашоочулары үчүн салтка айланган. Республиканын түштүк аймагында иш-чара биринчи жолу уюштурулганы жатат. Алма фестивалы бакчыларга өзүлөрүнүн продукцияларын көрсөткөнгө жана сатып алуучулар менен кызматташууга шарт түзөт.

Иш-чарада фермерлер өзгөн алмасынын 20дан ашуун түрүн тартуулашат. Аталган айылдын жашоочулары эң жакшы кийим жана абдан өзгөчө жемиш тамагы сынактарында күч сынашса, бала бакчанын тарбиялануучулары концерттик программа тартуулашат. Ошондой эле фестивалдын алкагында тегерек стол өткөрүлүп, анда Айыл чарба департаментинин жана Бакчылар бирикмесинин өкүлдөрү аймакта мөмө питомнигин өнүктүрүүнү талкуулашат.

Бул жылы фестивалга Швейцария жана Франциядан коноктор катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
insap
2014-09-10 17:59:14
Керемет жумуштардын бири иштелгыдей, Өзгөн алмасынын атагы Ааламды ансайын жарат екен да.
0
kyrgyzman82
2014-09-10 20:06:25
адырдын алмасычы адырда откоруш керек эле
0
KUMU89
2014-09-11 01:45:30
Омий Атаман сурашым керек экен. Алма кандай болду деп?
0
KUMU89
2014-09-11 01:46:35
Озгондун алмасын жеп корот экенсинерда. Озгон озгочого ОЗУ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан