20 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун алдындагы мүчөлүк төлөө боюнча карызы 300 миң швейцариялык франкка (1 шв.франк = 57,6 сом) жетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө "Кыргызгидромет" кызматынын Гидрометеорологиялык байкоо, божомолдоо жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Татьяна Черникова билдирди.
Анын айтымында, эртең, 11-сентябрда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин аталган уюмдун башкы катчысы Мишель Жарро менен жолугушуусу күтүлүп, анда кыргыз тараптын карыз маселеси көтөрүлөт. "Кыргызгидромет" Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмга 1994-жылы кирген. Кыргыз тарап мүчөлүк төлөөсүн жыл сайын төлөп бериши керек болчу. Бирок 300 миң швейцариялык франкка барабар карызга карабастан, уюм Кыргызстанга кадрларды даярдоодо, методикаларды түзүүдө колдоо көрсөтүп келет”,- деди Т.Черникова.
Мындан тышкары ал Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмга 185ке жакын мамлекет кирерин белгиледи. "Эгер биз бул уюмдан чыксак, кыргызстандыктар аба ырайы тууралуу так маалыматты ала албай калышат",- деп түшүндүрдү адис.