Бишкек шаарынын медицина кызматкерлери 9-14-сентябрда Чолпон-Атада өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын медициналык коопсуздугун камсыз кылышууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Борбор калаанын Саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча, Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан 4 травматолог, №1-шаардык клиникалык ооруканасынан 1 анестезиолог-реаниматолог дарыгери, №6-шаардык клиникалык ооруканасынан 1 бригада "Тез жардам" станциясы аталган иш-чарада катышуучулардын медициналык коопсуздугун камсыз кылышмакчы. Медицина кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүүдө керектелчү дары-дармектер менен камсыздалган.