Бүгүн, 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын "Тажикгидромет" кызматынын Автоматташтырылган байланыш борборунун башчысынын орун басары Рашид Давлятов: “Тажикстанда 9 миңге жакын мөңгү бар”,- деп билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда болуп жаткан мөңгүлөр маселеси Тажикстанга да таандык. “Кыргызстанда 6 миңден ашуун мөңгү болсо, Тажикстанда 9 миңге жакын. Өзбекстанда болгону 500 мөңгү бар, алар деле деградацияланып жатат”,- деди адис.
Мындан тышкары ал Тажикстанда буга чейин 9 миңден ашуун мөңгү болгонун белгиледи. “Акыркы изилдөөлөргө таянсак, 8-9 миң деген көрсөткүчтөр чыгууда. Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан мөңгүлөр жалпы болуп саналат. Биз аларды талашпайбыз, анткени бул мөңгүлөрдү Кудай берген. Ал эми Тажикстандын аймагындагы айрым мөңгүлөр, адистердин изилдөөлөрүнө таянсак, жакынкы 40 жылдын ичинде жоголуп кетиши мүмкүн. Акча каражаттын жетишпегендигинен "Тажикгидромет" тарабынан экспедицияларды жүргүзүүгө мүмкүн эмес болууда”,- деди Р.Давлятов.