Бүгүн, 11-сентябрда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында өтүп жаткан “Климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына тийгизген таасири” аттуу эл аралык конференциянын жүрүшүндө "Кыргызгидромет" кызматын КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен чыгаруу сунушталды. Бул пикир менен КРнын Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетикалык ресурстар боюнча институтунун лабораториясынын жетекчиси Лариса Бажанова бөлүштү.
Анын айтымында, "Кыргызгидромет" КРнын Өкмөтүнүн курамындагы өз алдынча түзүм болуш керек. “КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир канча акча каражат бөлүнөт. Анын басымдуу бөлүгү табигый кырсыктар менен күрөшүүгө жана башка керектүү иштерге сарпталат. Ал эми "Кыргызгидромет" кошумча эле кызмат сыяктуу саналат. Мындан улам бул кызматтын кызматкерлеринин маяналары өтө аз. Кээ бирлери айына 2-3 миң сом эле алышат. Ушундай айлык менен кызматкерлер бийик тоолуу аймактарда байкоо жүргүзүп келишет”,- деди Бажанова.