Баткен облусунун 14 жаштагы тургуну "сибирь жарасына кабылган" деген шек менен ооруканага жаткырылды. Муну өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн бүгүн, 11-сентябрда ырастады.
Маалыматтарга караганда, Кадамжай районунун Марказ айылынын 14 жаштагы тургунунун колуна белгисиз жара чыккан. Өз алдынча дарылоодон жыйынтык чыкпаган соң, ал ооруканага кайрылган. Кадамжай райондук аймактык ооруканасынын дарыгерлери 14 жаштагы кыздын колундагы илдет сибирь жарасы болушу мүмкүн экенин айтышкан. Кийин анализдер Ош шаардык лабораториясына жөнөтүлгөн. Аталган 14 жаштагы кыз буга чейин мектепке барып, классташтарына аралашып жүргөн, андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнө профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча тапшырма берилди.