Чет өлкөлүк адистер кыргызстандык аскерлерге жардыруучу заттарды жок кылууну үйрөтүштү

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик кадрларды даярдоочу “Ала-Тоо” борборунун №73809-аскер бөлүгүндө жардыруучу заттарды табуу жана жок кылуу боюнча окуулар аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тренингдерди Эл аралык ишенич фондунун адистери жана КРнын Башкы штабынын Инженердик башкармалыгынын офицерлери өткөрүштү. Окуулардын жүрүшүндө коркунуч келтирген жүктөрдү аныктоо, жардыруучу заттарды колдонууда коопсуздукту сактоо боюнча теоретикалык сабактар өттү. Ал эми практикада сапёрлор жардыруучу заттардын калдыктарын кантип жок кылуу керек экендигин көрсөтүшүп, кол менен жасалган жардыргычтарды зыянсыз кылуу тартиби менен тааныштырышты. Иш-чаранын жыйынтыктоочу күнү инженер-сапёрлор аталган заттарды жардырып да көрсөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан