Белгилүү илимпоз Кусейин Карасаевдин жубайы Айша Карасаева кечээ, 10 сентябрь күнү 102 жашында дүйнө салды. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-сентябрда Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы театрда орун алганын аталган театрдан билдиришти.
Айша Карасаева (Түмөнбаева) 1912-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Ал 1927-жылы «Жабык араба» фильминде башкы ролду жараткан кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи аял. Бул кинодо Айжамалдын ролун ойногон.
1927-жылы аталган айылга Ташкенттен жана Москвадан тартуучу топ “Жабык араба” фильмине башкы каарманды издеп келип калат. Режиссёр шамдагай, сулуу кызды көрүп, аны тасмага тартылууга чакырган. Башында Айша тартынып, өзүн жоготкону менен, бара-бара баарын өздөштүрүп кеткен. Ага мажбурлап күйөөгө чыккан Айжамал аттуу кыздын ролун ойношу керектигин түшүндүрүшкөн. Ал кыргыз киносунун тарыхында башкы ролду жараткан биринчи аял болгон.
Айша Карасаева педагогикалык техникумдан билим алган. Кыргыз драматургиясынын алгачкы драмасы - Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" чыгармасындагы Какейдин бейнесин биринчи болуп жараткан. Көп жылдар бою Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүндө сабак берген. 2011-жылы ал Даңк медалы менен сыйланган. Мындан тышкары ал 1960-жылы жарык көргөн стенография боюнча китептин автору болуп саналат.
1930-жылы Кусейин Карасаев менен баш кошуп, 70 жыл чогуу өмүр сүрүшкөн. Ал Кусейин Карасаевдин бардык илимий эмгектеринин редактору болгон.