Эртең, 12-сентябрда Бишкек шаарында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир катар көчөлөрдө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Шевченко, Абдумомунов, Үмөталиев көчөлөрүндө, Абдрахманов көчөсүндөгү №134-көп кабаттуу үйүндө №1; 804-чордондору оңдолгонго байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле борбор калаадагы Пархоменко, Щербаков, Чебоксарская, Древесная, М.Жалил, Челюскин, Алтай, Кузбасс, Тойгонбаев, Алтымышев, Рылеев, Нахимов, Атбасар, Макеев, Омск көчөлөрүнө жана Ак-Ордо жаңы конушуна "акылдуу" эсептегич орнотулат. Мындан улам электр энергиясынын өчүрүлүшү ыктымал.