“Манас” эпосунун жарыкка чыкпай жаткан варианттарын чыгарууну депутат Чолпон Султанбекова колго алат

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова “Манас” эпосунун жарык көрбөй жаткан варианттарын чыгарууга "Баяман" фонду камкордук кыларын Чолпон-Атада өтүп жаткан “Көчмөндөр цивилизациясы: эпостук чыгармалар жана спорттун улуттук түрлөрү” Эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясы 11-сентябрда кабарлады. 

“Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунда 40тан ашуун вариант сакталып турат. Ал варианттардын көпчүлүгүн жалпы окурмандар билишпейт. Биз дайыма “Манас” эпосун улуттук байлык катары санайбыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин “Манасыбыздын” тексттери толук жетпегени мени тынчсыздандырат. Ошондуктан "Баяман" фонду колдон келген жардамын “Манастан” аябайт”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан