Бишкекте банктын эсепчисинин адашып калгандыгынан 250 миң сом алып кеткен адам акчаны кайтарып берерин билдирди. Бул тууралуу 12-сентябрда кардарга ашыкча акча берип алган Венера айым SUPER.KG порталына билдирди.
Ал: "Кардар кечээ мага телефон чалып, акчаны кайсы бир себептерден улам коротуп койгондуктан, бир жуманын ичинде кайтарып берерин билдирди",- деди.
Эске салсак, Бишкектеги банктын эсепчиси жаңылып кардарга ашыкча акча берип алганын 10-сентябрь күнү өзү интернеттеги социалдык тармактарга жарыялаган. Өзүн Венера деп тааныштырган кассир 250 миң сомду ашыкча алып кеткен адамды издеп жатканын айткан. Кассирдин айтымында, ал рублду сомго алмаштырып, кардарга 612 500 сом берген. Кардар банктан шашып чыгып кеткенден кийин ага 250 миң сом ашыкча берип койгонун түшүнгөн.