Бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 26-сессиясы өтүп жатат. Бул иш-чара 12-13-сентябрда өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү документтерге кол коюлат.
Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын ӨКМнын “Кыргызгидромет” агенттигинин башчысы Зарылбек Итибаев: “Эгер “Кыргызгидромет” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен чыгып, өз алдынча ишкана болсо, анын иш жүргүзүүсү жеңилдейт”,- деп SUPER.KG порталына билдирди.
“Азыркы күндө биз бардык өз алдынча мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүн байкап жатабыз. Эгер “Кыргызгидрометти” өз алдынча мекеме кыла турган болсок, анда бул агенттиктин статусу жогорулайт. Мындан тышкары мамлекеттик деңгээлде маселе чечкенге оңой болот, донорлор менен түз иштөөгө да шарт түзүлөт”,- деди З.Итибаев.
Айта кетсек, “Кыргызгидрометти” КРнын ӨКМнын курамынан чыгарууну кечээ, 11-сентябрда КРнын Улуттук илимдер академиясы сунуштаган. “Бул сунушту мындай түшүнсө болот: азыркы күнгө чейин 20 жылдан бери мамлекет тарабынан климат, мөңгүлөр, суу байлыктары боюнча изилдөө жүргүзүлбөй келген. Ошондуктан бул академиянын пикири боюнча, эгер мамлекет тарабынан бул багытта жардам жана колдоо болсо, бул жумуш жанданат, бул жумуш өсөт”,- деп түшүндүрдү “Кыргызгидрометтин” башчысы.