Бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 26-сессиясы өтүп жатат. Күн тартибине ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралууда:
– 2011-2015-жылдарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчөлөрүнүн гидрометеорологиялык коопсуздугу боюнча кабыл алынган концепциянын ишке ашыруусу боюнча иш планы 2014-жылы аткарылуусу туурасындагы бөлүк;
– 2011-2015-жылдарга гидрометеорологиялык ишмердүүлүк боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү иш планын ишке ашыруунун негизги багыттары;
– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекеттер аралык гидрометеорологиялык тармагы боюнча келишимдин ишке ашырылуусу;
– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин гидрометеорологиялык ишмердүүлүгү боюнча өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун иш планынын аткарылышы туурасындагы бөлүк;
- Бүткүл дүйнөлүк Метеорологиялык уюмунун курамындагы мамлекеттер арасындагы гидрометеорологиялык кеңешменин өкүлчүлүгү туурасындагы бөлүк.
Жогорудагы көрсөтүлгөн пункттар боюнча талкуулар жүрүп жатат. Ар бир пункт боюнча алымча-кошумчалар киргизилип, толукталып бүткөндө сессиянын катышуучулары тарабынан макулдашылып, тиешелүү чечим кабыл алынып, ага кол коюлат.