Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн фондунан өрт өчүрүү учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон берилди

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн фондунан өрт өчүрүү учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон берилди. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн бүгүн, 12-сентябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов каза болгон жарандардын туугандары менен жолугушуп, үй-бүлөлөрдүн ар бирине өкүлчүлүктүн фондунан 50 миң сомдон берген.

Айта кетсек, буга чейин Жумгал районундагы Каныш капчыгайында өрт чыгып, аны өчүрүү учурунда өрт өчүрүүчү Алтынбек Дүйшөналиев, Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Абаскан Нуралиевдин каза болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chikakorea
2014-09-12 23:12:23
50 min som degeni emnesi? Jatkan jerleri jailuu bolsun! Bul dagy erdik, mamlekettik dengeldee karalchu ish.
+1
chomly88
2014-09-13 08:47:58
50мин сом эмес,50мин$ берсенер да алардын ордун баса албайт го. Эл учун,мамлекет учун жанын бериптир байкуштар,жаны жаннатан орун алсын ылайым.
+1
Aiaium
2014-09-13 18:01:39
50мин сом деп айткандан уялышпадыбы анткиче жардамыбызды бердик дебейсинерби жаткан жери жайлуу болсун байкуштардын биздин чондор учун 50мин 50тыйындайго эчким иштебей койсо чондор оздору барып очуруп куйуп олушсо жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан