10-сентябрда дайынсыз жоголуп, 12-сентябрда балдар үйүнөн табылган 12 жаштагы Адэля Алымбаеванын эмне себептен жоголгону боюнча атайын иликтөө иши жүргүзүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди. Сейитовдун айтымында, 12 жашар кыздын жоголгону боюнча тактай турган маселелер көп.
“Адэлянын эмне себептен жоголгону боюнча тактай турган маселе көп. Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Алынган маалыматтар боюнча, Адэля 9-сентябрда сабактан чыгып, андан ары классташ кызынын үйүнө барып саат 10го чейин отуруп, анан алар "үйүңө бар" дегенде үйүнө кетиптир. Курбу кызы "үйүңө бар" десе, “ата-энем урушуп жатат, баргым келбей жатат” деген экен. 10-сентябрда чет тил сабагында акыркы партага барып, маанайы жок отуруптур. Классташтары “Эмне болду?” дешсе, “башым ооруп жатат, үйгө кетейин, атам машинасы менен келди” деп суранып чыгыптыр. Бирок ата-энеси 11-сентябрь күнү Биринчи Май райондук милиция кызматына сүрөтүн, ал тууралуу керектүү маалыматтарды алып келип, "кызым дайынсыз болуп жатат" деп кайрылат. Бүгүн, 12-сентябрда саат 16:00 чамаларында кыз өзү апасына “балдар үйүнүн жанында турам, алып кет” деп телефон чалдырыптыр”,- деди Сейитов.
Сейитов кыз ата-энесине башка бирөөлөр үйүнө алып барып тамак жасатып, иштеткенин айтканын кошумчалады. “Кыз ата-энесине жолукканда башка бир аял үйүнө алып барып тамак жасатканын айтты. Мүмкүн, коркконунан ушул нерсени айтты. Биз Биринчи Май райондук башкармалыгынын балдар менен иштөө бөлүмүнө комиссия түзүп, иликтөө жүргүзүүнү тапшырдык. Бала бир-эки күндөн кийин өзүнө келип алса, психолог менен сүйлөштүрүп, бир чарасын табабыз. Эгерде чындап эле кыздын айтканындай болсо, ал кишилер табылып, жазасын алышат. Ата-энесинин кызга болгон мамилеси ушуга түртүшү да мүмкүн”,- деп кошумчалады ал.