Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды (фоторепортаж)
Гүлзада Рыскулова эл алдында өнөрүн тартуулап жатат.
Азербайжандык белгилүү ырчы Аслан Гусейнов "Жигиттер" деген аталыштагы ырын жаңыртууда.
Концерттик программанын жүрүшүнөн...
Түркиялык ырчы өз өнөрүн тартуулоодо...
Америкалык ырчы Рэй Хортон өз кезегин күтүп жатат. Ырчы менен сүрөткө түшкөндөр көп болду.
Эл ат майданына толо келди.
Жабылуу аземинин салтанаттуу бөлүгү...
Жабылуу аземинин салтанаттуу бөлүгү...
Андан соң ырга кезек берилди.
Ат чаап келген улакчылар сыйлык алган соң ат үстүндө жакындарына сүйүнчү айтып жатышат.
Кыргызстандын башкы курамы - көк бөрү боюнча Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону!
Көк бөрү боюнча чемпион болгон Кыргызстандын башкы курамы сыйлык алуудан мурун эл алдынан ат чаптырып өттү.
Көк бөрү боюнча мелдеште 2-орунду Кыргызстандын экинчи курама командасы ээлеген.
Көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоону уюштуруучулар жабылуу аземине калтырышкан экен. 3-орунду ээлеген Алтай командасы эл алдында сыйлыгын алууда.
Андан соң казакстандык топ күү чертип, элдин алкышын алды.
Андан соң казакстандык топ күү чертип, элдин алкышын алды.
Жабылуу аземи лазер шоу менен башталды.
Бүгүн, 14-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө жабылды. 5 күн бою 10 спорт түрүнөн медаль ойнотулган мелдештин жабылуу аземинин расмий бөлүгү кыска аралыкка созулганы менен, салтанаттуу бөлүгү көпкө узады. Жергиликтүү ырчылар жана коноктор анда өз өнөрлөрүн тартуулашты. Түркия, Азербайжан, Түштүк Корея жана башка мамлекеттердин өкүлдөрүнөн кийин сахнага америкалык ырчы Рэй Хортон чыкты. Ошону менен жабылуу аземинин расмий бөлүгү да жыйынтыкталды. Бул күнкү салтанатты көрүүгө келген эл акыр-аягына чейин кол чаап отурушту. Элдин саны көп болгонуна байланыштуу укук коргоо кызматкерлеринин да түйшүгү артканы көрүнүп турду.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев