Бишкекте Людмила Зыкина атындагы “Орусия” мамлекеттик элдик ансамбль академиясы чыгармачылыгын тартуулайт

18-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Людмила Зыкина атындагы “Орусия” мамлекеттик элдик ансамбль академиясы концерт берет.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, концерт 2014-жыл - Орусиянын маданият жылы жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына арналган.

Ансамблдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру - эл аралык сынактардын лауреаты Дмитрий Дмитриенко.

Концертте белгилүү орусиялык ырчы Людмила Зыкинанын репертуарындагы “Оренбургский пуховый платок, Я лечу над Россией”, “Издалека долго течёт река Волга”, “На побывку едет”, ”Птица тройка”, ”Под дугой колокольчик поёт, На улице дождик” аттуу жана башка чыгармалары аткарылат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан