Борбор калаада “Бишкекте корей музыкасынын күнү” аттуу иш-чара өтөт

27-сентябрь күнү Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Бишкекте корей музыкасынын күнү” аталышында маданият иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Кореянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Иш-чаранын максаты - кыргызстандыктарды жогорку деңгээлде жана ар түрдүү жанрдагы корей музыкасы менен тааныштыруу, эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнашты кеңейтүү.

Концерт 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө “Эң сонун акыл” аталышында маданият дипломатиясынын концерти, экинчи бөлүгүндө белгилүү корей ырчылары Гу Чанг Мо, Квон Инха, Шин Хе Бомдун аткаруусунда ырлар жаңырат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alibekova94
2014-09-15 17:05:46
Корейлер качантан бери биз жака концерт коюп калган кызык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан