1-5-октябрда Екатеринбургда өткөрүлчү “Орусия” аталышындагы даректүү тасмалардын 25-фестивалында кыргыз кинолору көрсөтүлөт. Бул тууралуу КРнын Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, фестивалда Алтын фондго кирген 9 кыргыз тасмасы көрсөтүлөт.
Тасмалардын тизмеги:
- “Күнгө кайрылуу”, режиссёру – А.Видугирис. 1962-жыл.
- “В снегах Алая”, сценарийдин автору – Л.Дядюченко, режиссёру – И.Кокеев.
- “Перекрытие”, режиссёрлору жана сценарийдин авторлору – А.Видугирис, Я.Бронштейн.
- “Мыс гнедого скакуна”, сценарийдин автору – Л.Дядюченко, режиссёру – И.Герштейн.
- “Нарындык жылдыздар”, сценарийдин автору – Т.Океев, режиссёру – Б.Абдылдаев.
- “Ловчие птицы”, сценарийдин автору жана режиссёру – Т.Океев.
- "Пастух и туман" ("Когда приходит туман"), сценарийдин автору – К.Жусубалиев, режиссёру – К.Юсупжанова.
- "Жорго", режиссёр-оператору – К.Абдыкулов.
- “Кочевье космонавта”, сценарийдин автору – С.Жапаров, режиссёру – Ш.Жапаров.