Бишкекте белгилүү ырчылардын жана атактуу инсандардын портреттери жана скульптуралары көргөзмөгө коюлат

3-октябрда Бишкектеги С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында таланттуу сүрөтчүлөрдүн колунан жаралган эстрада ырчыларынын жана белгилүү инсандардын портреттери, скульптуралары көргөзмөгө коюлат.

Сүрөтчүлөрдү таанытууга багытталган “Бейне” аталышындагы сүрөтчүлөр долбоорун журналист Тынчтыкбек Кожобеков ишке ашырган. 

Белгилүү болгондой, учурда 30дан ашуун атактуулардын портреттери жана айкелдери даяр.

Долбоордун үстүндө 18 жаш сүрөтчү иш алып барууда. Алар: Байзак Алыбаев, Айып Алакунов, Максат Моңолдоров, Темиров Бахрам, Матаев Нурбек, Жунушев Жакшыбек, Осмонов Нурлан, Шаршекеев Алмаз, Татиев Адис, Замир Илипов, Кубанычбек уулу Амантур, Кайыпов Камчыбек, Ормонбеков Чыңгыз, Чоюбеков Урмат, Алышбаев Жылдызбек, Кебек уулу Нурлан, Эсеналиев Толкунбек, Жороев Арзымат.

Көргөзмөдө Муратбек Бегалиев, Болот Шамшиев, Каныкей Эралиева, Саламат Садыкова, Керим Турапов, Күмөндөр Абылов, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Нурайым Азыкбаева, Юлия Руцкая, Гүлзада Рыскулова, Нэна, Каныкей, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлжигит Калыков, Мирбек Атабеков, Замир Арыкбаев, Нурзат Токтосунова, Анжелика, Эрнест Абдыжапаров, Чыңгыз Мамаев жана башка атактуу инсандардын портреттери жана скульптуралары орун алат. Белгилей кетсек, көргөзмө 15-октябрга чейин уланат. 

Долбоордун башкы максаты - сүрөтчүлөрдү таанытуу жана атактуулардын портреттерин көзү тирүүсүндө тартып калуу, искусствонун эң бийиги болуп саналган живописти элге сүрөтчүлөрдүн калеми аркылуу жеткирүү. Спортчулар, саясатчылар, ырчылардай эле биздин арабызда улуу өнөрдүн ээси болгон сүрөтчүлөрдүн да бар экенин элге жеткизүүнү көздөдүм. Элдер митинг, пикет менен алышпай, искусство аркылуу ички дүйнөсүн азыктандырса дейм. Анткени жан дүйнөбүз байыганда гана мамлекетибиз өнүгөт. Долбоор коммерцияны көздөбөйт, сүрөтчү ырчыдан, ырчы сүрөтчүдөн акча албайт. Сүрөтчү өзүлөрүнө жаккан өнөрпозду тартышат. Өзүмдүн үй-бүлөмдүн бюджетинен чакан каражат бөлүп, бул көргөзмөнү уюштуруп жатам”,- дейт Тынчтыкбек Кожобеков.

“Мен кыргыз музыкасына беделдүү салым кошушкан КРнын Эл артисттери Нурак Абдырахманов, Керим Турапов жана Түгөлбай Казаковду тандап алгам. Себеби алардын чыгармачылыгын сүйүп угам. Бул долбоор жазында башталган эле. Анда Нурак ага тирүү болчу. Ал инсан менен Юлия Руцкаяны кошуп тартмакмын. Ошол учурда Нурак ага ооруп жүргөн эле, ошондуктан бул план ишке ашпай калды. Анан кыргыз ырларын ырдаганын сыйлап Юлияны тартып калдым”,- дейт сүрөтчү Байзак Алыбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан