“No name`дин" жеке концерти: Мурат Жалиев кара далы кызын күйөөгө бере албай убара болду

Бүгүн, 17-сентябрда “Тамашоу” долбоорунун 6-сезонунун чемпиону “No name” командасы отчёттук жеке концертин берди. Саат 19:00гө белгиленген концерт туура 20:00дө көшөгөсүн ачты. Күйөрмандар залдын 80 пайызын ээлеп, маанайды көтөргөн тамашаларга кулак төшөп отурушту. Шаңга бөлөнгөн концертте алып баруучулук тизгинди Аман Ибраев жана “тамашоучу” Актан Рыскелдиев колго алышты. Концерттин коноктору ырчылар Омар, Ильяз Абдыразаков, “Тамашоу” долбоорунун “Ала-Тоо”, “Алга”, “Одноклассники.KG” командалары болушту. Тапан жигиттер боорду эзген тамашалары менен күлкү сүйүүчүлөрүнө позитивдүү маанай тартуулап, дүркүрөгөн кол чабууларына арзышты.

6 жылдан бери миңдеген күйөрман топтоп, жүздөгөн жаштарды атактуулукка жеткирген "Тамашоу" Лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев куттуктоо сөзүндө: “Биздин долбоордо эң мыктылар гана чемпион болуп кетишет. Жеке концертин берип жатышкан азаматтарды чын жүрөктөн куттуктайм. Ушул адамгерчилигинен жазышпай, өлкөнүн чыгаан инсандары болушун каалайм”,- деди.

Ош жергесинен суурулуп чыккан “No name” командасынын оюнчулары: “Бүгүнкү концертте 98 пайыз жаңы номерлерди тартууладык. Бешенебизден тер агызып даярданганбыз. Сахнага чыгып, элдин маанайын көтөрүү үчүн болгон күчүбүздү, энергиябызды жумшадык. Жеке концертибизди биринчи жолу берип жатабыз. Саамалыкты кийин салтка айлантып, жылына кеминде 2-3 жолу концерт берип турабыз”,- дешет.

 

“No name” командасынын отчёттук концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
ayakosya
2014-09-18 08:05:35
Ошкоям келгилечи
+1
siezd
2014-09-18 09:38:30
азаматтар талантынар ташкындай берсин жер кыдырып концерт коюшса жакшы болмок Жалал Абадка да келиниздер
+1
munara-55
2014-09-18 09:54:46
Икром корунбойт го ыя?
+1
kuba.kq8705
2014-09-18 10:13:17
azamatsynar !!! no name ar daiym alga.
-1
bai.kymbat
2014-09-18 13:06:08
видеосу барбы? супер инфо
0
galaxyS4
2014-09-18 13:40:20
videosyn juktop koyunuzdar4y........
0
Mairam1991
2014-09-18 14:36:01
Балдар-балдар ООООШШШШ!!!! Супер! Бир кезде чогуу окуган курсташтарым журот бул командада)
0
nurando
2014-09-18 14:58:13
Даа маззааа яааа
0
Begimkyz
2014-09-18 15:29:11
Икром кана йов?
0
semakg
2014-09-18 16:12:20
Икрам болсо дагы кызык болмокда, кайда журот экен финалдада жок болду же кошпой коюштубу?
0
tima1211
2014-09-18 16:52:04
Ошкода коет бекен???
0
Ganibal87
2014-09-18 19:05:20
Видеосун жуктоп койгулачы супер инфо?
0
aku
2014-09-18 22:50:57
Мен укканда бармакмыыын (((( .рекламасы болду беле.неге биз укпай калдыыыык...
0
elish87
2014-09-19 00:04:09
Кенеш ака менен максан эжеям барыптыр даааааа ммммммммммммммм........ кааарышыптыр
0
saku94
2014-09-24 19:05:26
Хандын кызы Ханбийке болот,Ханзаада деп уул баланы айтат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан