Бишкекте Япония жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар министрлеринин жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте “Борбор Азия+Япония” диалогунун алкагында 2 күндүк II аймактык өзгөчө кырдаалдар министрлеринин жыйыны башталды.

Бул иш-чара 18-19-сентябрь күндөрү өтмөкчү. Анда табигый кырсыктардын алдын алууда жогорку деңгээлдеги платформаны түзүү талкууланат. Аталган жыйында Япония, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Кыргызстандын мамлекеттик жана тышкы иштер боюнча мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.

Иш-чараны КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюму уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан