Токтогул ГЭСинин жетекчиси
Алмаз Кушубаков бүгүн журналисттер менен аталган ГЭСтин иш алып баруусу менен тааныштырып жатып:
"Быйыл сууну үнөмдөшүбүз керек",- деп билдирди.
Анын айтымында, учурда суунун көлөмү 11 миллиард 970 миллион куб метр, былтыр 15 миллиард 870 миллион куб метрди түзүп, кышында электр энергияны кенен пайдаланууга мүмкүн болгон. Азыркы тапта Токтогул ГЭСи орточо эсеп менен күнүнө 5 миллион киловатт электр энергия бөлүп чыгарууда.