Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдында коомдук ишмер Исхак Раззаковдун эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи орун алды. Ага КРнын Вице-спикери Бөдөш Мамырова, мамлекеттик жетекчилер, коомдук жана саясий ишмерлер, чет элдик окумуштуулар, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, студенттер кыргыз бийин тартуулашты.
Эстелик Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 60 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган.