27-сентябрда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры өзүнүн 80-театралдык сезонун “Сепсиз кыз” ("Бесприданница") спектакли менен ачат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Орус жазуучусу Н.Островскийге таандык чыгарма 1878-жылы жазылган, ал дүйнөдө белгилүү драматургиялардын бири болуп саналат.
Режиссёру Татьяна Захарова: "Бул чыгарма жан дүйнөсү жардылардын жоругу тууралуу. Чыгарманын мазмуну жөнөкөй. Пьесанын өзөгүн каармандардын бири-бирине болгон мамилеси, түпкүрүндөгү чыныгы мүнөздөрү түзөт. Бир сөз менен айтканда, бул чыгармада "Адам баласы заманбап жашоодо өзүнүн абийири менен жашай алабы?" деген суроо көтөрүлөт. Ар бир көрүүчү бул спектаклден тийиштүү суроолорунун жообун алышат деп ишенем",- дейт.
Спектаклдин үстүндө Татьяна Захарова, Марат Амираев, Юлдаш Нурматов, Зухра Мукамбетова, Денис Пануров, Светлана Скосырская, М. Мухамедрахимова иш алып барышат.