19-21-сентябрда Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде биринчи жолу Дизайн фестивалы өткөрүлөт. Аталган музейден билдиргендей, фестиваль эки багытта өткөрүлөт.
Обзордук көргөзмөдө дизайндын түрлөрү жана заманбап искусство (графикалык дизайн, архитектуралык долбоор, кийим дизайны, видео жана башкалар) тартууланат. Ал эми окутуу платформасында эки күн бою ар бир аянтта Борбор Азиянын жана АКШнын эксперттери лекцияларды, семинарларды өткөрүшөт.
Дизайн фестивалынын бир кырдуу тематикасы жок. Анда республикадагы компаниялар, дизайнерлер жана сүрөтчүлөр өзүлөрүнүн чыгармачыл өнөрүн тартуулашат. Иш-чарага жалпы 30 автор катышат.