Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда

Бишкек шаарынын Жеке турак жай куруу департаментинин кызматкерлери жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө өз алдынча дубал куруп, жер тилесин кеңейтип алган факты катталды. Бул тууралуу 18-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну Жантай Буудайчиев атайын тосмо, дубал жана дарбаза тургузуп, өзүнүн жер аянтын 4 метрге чейин кеңейтип алган. Эреже бузуулар боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан протокол түзүлүп, тургунга дубалдарды бузуу боюнча көрсөтмө берилген. 2014-жылдын 16-июлунда Буудайчиевге 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, сентябрь айында жер аянты мурдагы калыбына келтирилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан