Эртең, 19-сентябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Фере,
Түлөбердиев, Боталиев, Махатма Ганди, Можайский, Кызыл-Кыя, Панфилов,
Горький, Чехов, Ташкент, Жибек Жолу, Исанов, Кара-Суу, Профессор
Зима көчөлөрүндө, Ижев тар көчөсүндө, Токтогул көчөсүндөгү №234-көп кабаттуу үйүндө жана Арча-Бешик
(Ахунбаев, Ак-Марал, Кривоносов, Муромская, Чортеков көч.), Ак-Тилек-2 конуштарында №2767, 386, 108, 2000, 2287-чордондорун жана
“Новоюжная” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр чубалгысын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу
электр жарыгынын өчүрүлүшү ыктымал.
Чүй облусунун Аламүдүн
районуна караштуу Кырман, Лебединовка,
Степное, Беш-Күнгөй, Воронцовка, Таш-Төбө, Кайырма, Дачная, Виноградное, Бирлик
айылдарында ГЭС-6, “Лебединовка”,
“Майская”, “Беш-Күнгөй”, “25-лет Киргизии”, “Ленинское”, “Бирлик” көмөк чордондорунан
тараган 10/6 кВт аба электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Мындан сырткары Бишкек шаарынын Рылеев,
Красная, Тойгонбаев, Деповская, Осмонов, Жумабек, Чымкентская, Ак-Муз,
Краснознаменная, Кулиев, Рыскулов көчөлөрүнө жана Атбасарский, Кузбасский тар
көчөлөрүнө "акылдуу" эсептегич орнотулат.