Кыргызстандык дыйкандардын жашылчалары жана жер-жемиштери Казакстан менен Орусияга тоскоолдуксуз ташылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда КРнын Айыл жана суу чарба министрлигинин башчысынын орун басары Эркинбек Чодуевге шилтеме берүү менен аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү “Ак-Тилек” бажы өтмөгүндө болуп, Кыргызстандын дыйкандары өндүргөн жашылча жана жер-жемиштер Казакстан менен Орусияга кандай ташылып жаткандыгына кызыкты. Иш сапарынын жүрүшүндө ал Кыргызстандын Бажы кызматы менен эч кандай маселе жоктугуна күбө болду. “Министрлик тарабынан ыкчам байланыш телефондору да түзүлүп жатат, бул өз кезегинде ар кандай маселелердин жаралышынын алдын алат жана ага бөгөт коёт”,- деди ал.
Мындан тышкары Э.Чодуев кыргыз товарларынын Казакстанга өтүшүндө маселе жок болгону менен, аны Казакстандан Орусияга ташууда маселе жаралышы мүмкүн деген оюн билдирди. “Бул маселе да министрлик тарабынан колго алынып, Казакстанга жеткен кыргыз өндүрүмдөрүн Орусияга тоскоолдуксуз жана тез жеткирүү жагы да көзөмөлдөнүп жатат”,- деп түшүндүрдү Э.Чодуев.
Кыргызстандын жашылча жана жер-жемиштерин Казакстан менен Орусияга ташуу боюнча министрлик башка да аракеттерин баштады. Бүгүнкү күнү Орусиянын аймактары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул боюнча Орусиядан атайын делегациянын келиши да күтүлүүдө. Анткени Казакстан менен Орусия жалпысынан экологиялык жактан таза, жаңы жыйналган жана сапаттуу азыктарга муктаж.