Бишкекте бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ички иштер түзүмдөрүн реформалоо талкууланды

Бүгүн, 18-сентябрда КРнын ИИМинин башчысынын орун басары, генерал-майор Курсан Асанов милицияны реформалоо боюнча тармакта иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада алар реформалардын кийинки этабынын жумушчу планын талкуулашты. “Реформа – бул оор жана узак иш. КРнын ички иштер түзүмдөрүн реформалоодо биринчи кадамдар башталды. Маселен, сотко чейинки ыкчам иш жүргүзүү, “Коопсуз шаар” жана “Кылмыштарды жана арыздарды каттоо боюнча электрондук китеп” сыяктуу долбоорлор ишке ашырылууда”,- дейт Асанов.

Андан соң ал “мындай маселелерди чечүүдө жарандык коомчулук менен иштөө өтө маанилүү” деп кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар реформалоону жүргүзүүдө маалыматтык колдоо жана биргелешкен иш-чараларды уюштурууну макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан