Суунун аздыгынан улам электр энергиясына чектөөлөр киргизилиши мүмкүн (фоторепортаж)

Өлкө боюнча суунун аздыгынан улам электр энергиясына чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай пикирлердин буга чейин айтылып келгени маалым. 
Бүгүн, 18-сентябрда "Электр станциялары" ААКсынын өкүлдөрү Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай ГЭСтеринин иши тууралуу жеринен маалымат беришти.
Токтогул ГЭСинин директору Алмаз Кушубаков: "Быйыл суу аз экени талашсыз. Бул, албетте, табиятта кургакчылык өкүм сүргөндүгүнөн улам келип чыкты. Суу сатылып жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Суунун азайышы 5-6 жылда бир кайталанып турат. Маселен, 2004-2005-жылдары Токтогул суу сактагычында 19,5 миллиард куб метрге чейин суу топтолуп келсе, 2009-2010-жылдары 12,9 миллиардга чейин азайган. Ал эми 2011-жылы кайрадан 19,5 миллиард куб болуп, быйыл 12 миллиардга азайып турат. Бирок Токтогул ГЭСи кышка толугу менен даяр болот",- деди ГЭСтин ишмердиги менен тааныштырып жатып. 
Буга катар эле Күрп-Сай, Шамалды-Сай ГЭСтеринде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатканы маалым болду. Алсак, Шамалды-Сай ГЭСине Франциянын "Альстом" ишканасынын жабдыктары алынып келип коюла баштады. Ал эми Күрп-Сай ГЭСинде 3 гидроагрегат болсо, анын экөөсү толугу менен капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлүп жатат.  
Бирок суунун аздыгынан улам чектөөлөр киргизилип калышы мүмкүн экендиги белгилүү болду. Анткени сууну коё берип чектөөсүз энергия алуу эртең суу сактагычтагы суунун деңгээли төмөн түшүп, таптакыр энергия чыгарууга алсыз болуп калышына алып келери бышык.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shura89
2014-09-18 17:39:22
экономдоп сатканы жатабы анда
0
zman53
2014-09-18 18:09:58
Энергетика министрин кетиргиле да,жакшы спец-министрди койгула.Мен ишенем,жакшы министр бир жылда эле баарын калыбына келтирип,дуйнодо электр энергиясын коп жана арзан колдонгон мамлектке айланабыз.
0
nurkasym-2014
2014-09-19 08:30:56
Министр болуш учун вснос канча болду экен.Иштечу кишини койбой калышсын.Баары эле баягы.Кыргызстанды озунчо бир мафия башкарып аткандай.
0
tagokg
2014-09-19 13:35:51
Бакиевдин маалында "Бакиев сууну сатып, суу азайып кетти" дешти эле, ГЭСтин директору айтып жатат "Суунун азайышы 5-6 жылда бир кайталанып турат", демек бул мыйзам ченемдуу корунуш. Бакиевдин убагында 13 млрд куб болсо, Атамбаевдин убагында т.е азыр 12 млрд кубга тушуптур. Бакиевди кетируудо ГЭСтеги суунун сатылышы, свет очурулушу негизги курал катары колдонушту эле, эми минтип УОнун калптары чыга баштады.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан