"Суу жана жер көп тилкелерде чек араны тактоо кыйынга турууда" дейт Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Закир Тиленов

Кечээ, 18-сентябрь күнү Ала-Бука районундагы машыгуу полигонунда “Калканч-2014” аталышындагы айкалыш көрсөтмө сабагы өттү. Анда атайын даярдыктагы жоокерлер чек арага мыйзамсыз кирип келишкен куралдуу топту жок кылышты. Ошондой эле куралдардан ок атуу боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү. Ага ЖКнын депутаты Роза Акназарова, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Закир Тиленов, Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Абдикарим Алимбаевдер күбө болушту.

“Мындай окууларды эки айда бирден өткөрүп туруу зарыл. Бүгүн Ала-Букада өтсө, кийинкиси Баткенде, Нарында же Чүйдө, Карколдо, Таласта өтүшү керек. Жалпысынан алганда көрсөтмө сабагы жакшы өттү десек болот”,- деди Закир Тиленов.

Ошондой эле Закир Тиленов: “Бүгүнкү күнү коңшу өлкөлөр менен болгон чек араларды тактоо иштери жүрүп жатат. Тоолуу, киши жашабаган аймактарда маселелер бат чечилсе, суу жана жер көп тилкелерде чек араны тактоо кыйынга турууда”,- деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан