Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына арналган жумалык башталды

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына арналган жумалык башталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Анда мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына, Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата атайын иш-чаралар планы иштелип, «Кыргыз тили – Ата Журттун кареги, элибиздин күч-кубаты, тиреги!» аттуу салтанат болуп өттү. Окуу жайдын маалымат кызматынын билдиришинче, мындан сырткары мамлекеттик тилге жана Саякбай  Каралаевдин мааракесине арналган дубал гезиттердин, кыргыз тилиндеги китептер көргөзмөсү уюштурулду.
Ал эми студенттер арасында манасчылык өнөр, дастан айтуу, көркөм окуу жана "Манас" эпосун сахналаштыруу боюнча сынак болуп, тандалып алынган мыкты өнөрлөр 23-сентябрь күнү шаардык деңгээлде өтүүчү салтанатта коюлмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан