КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин маалыматына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалпысынан жандуу күбө болгондордун саны 45 000 чукул. Ачылыш аземинде ат майданга келген элдин саны 15 миңге жеткен. Алардын 10 пайызы чет элдик туристтер болгон.
Аталган департаменттин директору Максат Чакиев Көчмөндөр оюндарынан өлкөгө түшкөн пайданын суммасын 9,9 миллион доллар деп көрсөттү.
“Чет элдик туристтерден 1,8 миллион доллар түшкөн. Алар Кыргызстанда оюндарга келгенде орто эсеп менен 400 доллардан сарптаган. Ал эми ички туристтер Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган сапарына орто эсеп менен 200 доллардан коротсо, алардан түшкөн каражаттын суммасы 8,1 миллион долларды түзгөн. Оюндарды өткөрүүгө бөлүнгөн 102 миллион сомду эске алганда, бул жаман эмес көрсөткүч”,- деп билдирет М.Чакиев.