Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын сот тутумунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелерине арналган семинар өтүүдө.
Семинардын ишине Бишкек шаарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жана Судьяларды окутуу борборунун аппаратынын мамлекеттик кызматкерлери, бардыгы болуп 26 угуучу катышууда.
"Кыргызстандын сот тутумунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелери" аттуу семинарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борбору менен биргеликте ЮСАИД жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча программасынын каржылык колдоосу менен өткөрүп жатат.