Быйыл жайда Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда өзбекстандык калыс Равшан Ирматов 4 оюнда калыстык милдетти аркалады (Швейцария-Эквадор, АКШ-Германия, Мексика-Хорватия жана Голландия-Коста-Рика командаларынын оюндары). Анын 2010-жылкы Мундиалда да 5 оюнда калыстык кылганы эсепке алынганда, өзбек калысы Дүйнө чемпиондугунда 9 оюнда калыстык кылган биринчи калыс болуп, жаңы рекорд койгон. Р.Ирматовдун бригадасында иштеген кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаровдун да ысымы бул рекордго жазылды. Калыстык милдеттерин так аткаргандыгы үчүн бул калыстарга дүйнө элинин көңүлү бурулуп, алардын финалдык оюнда да калыстык кылуусун каалагандардын саны арбын экени маалым болгон. Тилекке каршы, Калыстар комитети жарым финалдык оюндарга жана финалдык оюнга башка калыстарды дайындады. Ошентсе да Р.Ирматовдун бригадасы бул мелдеште өз иштеринин майын чыгара аткарып, өлкөлөрүндө сыймык жаратышты.
Бригададагы өзбекстандык калыстар Равшан Ирматов менен Абдухамидулло Расуловду мелдештен кийин өлкө президенти кабыл алып, аларга үй жана автоунаа белек кылды. Андан тышкары мамлекеттик сыйлыктарды да тапшырганы маалым. Ал эми Дүйнө чемпиондугунун бүткөнүнө бир топ убакыт болуп калса да, Бахадыр Кочкаровго мамлекет тарабынан көңүл бурулбай келет. Ал жакында казакстандык басылмалардын бирине маек куруп, өз ишмердүүлүгү, пландары тууралуу айтып берген. Андан тышкары казак журналисти Б.Кочкаровдун Кыргызстандагы саясатчыларга нааразы экенин, ага бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү деңгээлде баа берилбей келгенин калыстын өз оозунан уккан. Маектин жүрүшүндөгү маанилүү суроо-жоопту назарыңыздарга коёбуз.
Журналист: - Дүйнө чемпиондугунан кайтып келатканда Кыргызстанда сизди кандай тосуп алышты?
Б. Кочкаров: - Катардагы жөнөкөй кишилер менин ийгиликтеримди кубануу менен кабыл алып, аэропорттон тосуп алышты. Күйөрмандар жана журналисттер менин дарегиме 4 сап ыр арнап жазуу боюнча сынак уюштурушканы жагымдуу болду. Ал эми жогорку чиндеги адамдар... Алар тууралуу сөз айткым келбейт.
Журналист: - Эл дүйнөдөгү мыкты калыстардын бири тууралуу баарын билиши керек...
Б. Кочкаров: - Кээде биздин саясатчыларды түшүнбөй кетем. Мен эки ирет Дүйнө чемпиондугунда калыстык милдетти аткардым, Олимпиада оюндарында кызмат алдым, футбол чөйрөсүндө дүйнөгө таанылдым. Бирок ошого карабай биздикилердин үй белек кылбаганы акылга сыйбаган нерсе. Биздин бригададагы калыстар Равшан Ирматов менен Расуловго Өзбекстандын президенти үй менен унаа берип, мамлекеттик сыйлык тапшырды. Мага 2010-жылкы Мундиалдан кийин Ардак грамота берилген, андан башка көңүл бурулган жок. Мен өз өлкөмдүн патриотумун! 4 жыл мурун мен Мундиалда жүргөндө менин туулган жерим Ошто адамдар бирин-бири өлтүрүп, “душмандардын” үйлөрүн өрттөшкөн. Мен ошондо өзүмдү колго алып, калыстык кызматымды аягына чейин кылгам. Менин Оштогу үйүм 2010-жылкы каргашалуу окуядан кийин жараксыз абалга келип калган. Учурда Бишкекте ижарага үй алып жашайм. Качандыр бир учурда мамлекет тарабынан мага үй берилеринен үмүтүм чоң. Мени Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан жумушка чакыргандар бар. Эгер менин эмгегим өз өлкөмдө бааланбаса, туулуп-өскөн жерди таштап кетүүгө аргасыз болом.