20 күндүн ичинде 1605 гана адам биометрикалык маалыматтарын тапшырышты

Бүгүнкү күнгө чейин КРнын 1605 жараны биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда КРнын Өкмөтүнүн жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдын 28-августунда биометрикалык маалыматтарды тапшыруу боюнча иш-чаралар башталган. “Бир аптанын ичинде Жогорку Сот, Башкы прокуратура, Жогорку Кеңеш, Каттоо кызматы жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери аталган маалыматтарын тапшырышкан. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иштер пландалгандай жүрүп жатат”,- деди ал.

КРнын Экономика министри Темир Сариев бүгүнкү күнгө чейин 1605 гана биометрикалык маалыматтар чогулгандыгына таң калды. "Кандай ойлойсуңар, 2015-жылдын күзүнүн аягына чейин бардык жарандардан аталган маалыматтарды чогулта аласызбы?"- деп сурады министр. Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы "бул иш-чаралар өз мөөнөтү боюнча өтүп жатат" деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sagyn01
2014-09-19 19:47:35
Бирда адамда каало жок тапшырганга
0
kuttubek-kg
2014-09-19 20:33:12
2015 жылы эмес 2016 жылы да бул ишти бутуро албайсынар. Элдин бары россияда журсо
0
oroz_kg
2014-09-20 08:41:49
1 жылда 585 825 киши тапшырышат экен , ошондо 3-4 жылда бутуп калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан