Бишкекте Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын борбордук чек арачыларынын ансамбли концерт берди

19-сентябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда Орусиянын Коопсуздук кызматынын борбордук чек арачыларынын жана Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын ансамблдери “Күжүрмөн боордоштук чек араны бекемдейт” аттуу концерт беришти. Бул концертти Орусиянын Эмгек сиңирген, Эл артисттери, маданиятка, искусствого эмгек сиңирген өкүлдөрү жана кыргыз ырчылары Элмира Кайып кызы, Султан Каримов коштоду. Чыгармаларды ырчылар жандуу үн менен аткарышса, бий топтору орус улуттук бийлерин тартуулашты. Ал эми Орусиянын Эл артисти Людмила Назаренко Кыргыз Эл артисти Гүлсүн Мамашева аткарган “Издеп жүрөм” аттуу ырын ырдап көрүүчүлөрдүн купулуна толду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан