Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата белгилүү 7 манасчы 7 күн тынбай "Манас" айтышат

26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата иш-чара өтөт. Анда улуттук ат оюндары, кыргыз күрөш жана маданий программалар орун алат. Байгеге боз үй, автоунаа жана башка кызыктыруучу сыйлыктар коюлган. Бул тууралуу “Саякбай манасчы” коомдук фондунун башчысы Дөөлөт Сыдыков кабарлады.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 18-25-сентябрь аралыгында элге таанымал белгилүү жети манасчынын Саякбай Каралаев аян алган жерде жети күн тынбай "Манас" айтары маалымдалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sportsmen.boy
2014-09-21 19:29:04
Кайсы манасчылар экендигин айтып койгулачы!
0
nargiz_96
2014-09-21 19:52:28
7 кун тынбай айтыштан башка иш жокпу
-4
Nuriss
2014-09-22 09:01:17
Емнеге 7 кун екен
0
Мэри
2014-09-22 13:11:03
7 саны кыргыздар үчүн ыйык сан, аны менен көп нерсе байланыштуу: жети токоч, жетинин бири - Кыдыр ж.б.
Бул манасчылар символикалуу түрдө алышкан го, а негизи мурда залкар манасчылар 7 күндөн көп, айлап айтышкан да. Ал манасчынын айтуучулук дареметине байланыштуу, күчтүү, залкар манасчылар токтобой айтышат, токтотуп же кандайдыр бир тоскоолдук болсо ал ооруп калышы мүмкүн болгон.
+1
Мэри
2014-09-22 13:20:28
Азыркы манасчыларды залкар деп айтууга эрте, аракеттери жакшы, ошондуктан 7 күн жетиштүү го деп ойлойм...
А кайсы бир жылы, жакынкы жылдарда эле Тарых музейинин жанында да айтышкан, канча күн экенин эстей албай жатам, бирок 7 күндөн көп болчу...
0
Ayka1994
2014-12-03 11:41:07
Илгери кыргыздарыбыз 7кун-7тундоп манасчылар Манас айтышып,акындар комуздун коштоосунда олон,ырларды айтып келишкен эмеспи.Бул да жакшы саамалыкко менимче. Магада ушул сыяктуу улуттук нерселер оюндар жайлоодо акындардын айтышы оюн-зооктордун болгонун жактырам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан