Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн оңдолуп жаткан бөлүгү (Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин) автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Муну 22-сентябрда мэрия кабарлады. Маалыматка таянсак, көчөгө асфальт төшөө иши бүттү, ал эми тротуары менен унаа токтотуучу жайы аяктоо алдында турат. Көчө боюндагы картаң дарактар кыйылганы, ордуна жаш көчөттөр отургузулары, көчөнү оңдоо иши шаардык бюджеттин эсебинен жасалганы айтылды.