Өкмөт жооп берет: Күйөөнү алимент төлөтүүгө кантип милдеттендирсе болот?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Күйөөм экөөбүздүн балабыз 5 айлык болуп калды. Кайын журтум мени да, баламды да жаман көрүшөт. Жолдошум деле балама мээрим бере бербейт, ушунчалык таш боор үй-бүлө экен. Мындан тышкары ушул убакытка чейин балама туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү алып бербей жатышат. Ажырашып кетсек, кандай жол менен алимент төлөтө алам? Суроо калтырган  jass00.

Жооп: - КРнын мыйзамына ылайык, ата-эне бойго жете элек балдарын багууга милдеттүү. Кантип багарын ата-эне өздөрү чечишет.

Балаңыздын атасынан алимент алыш үчүн сиз аталыкты аныктоо жана алимент төлөтүү боюнча доо арызын жазышыңыз керек. Аталыкты аныктоо жана алимент төлөтүү боюнча доо арызын өзүңүз же жоопкер жашаган жерден тапшырсаңыз болот. Доо арызын жазыш үчүн юристке кайрылуу зарыл.

Силердин ортоңордо никенин жок болушу балаңыздын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн алууга тоскоолдук жаратпаш керек. Баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн алыш үчүн жашаган жериңиздеги жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө (ЗАГС) кайрылсаңыз болот. Баланын төрөлүшүн мамлекеттик каттоодон өткөрүш үчүн төмөнкү документтер керек:

- төрөө орун алган медициналык мекеме тарабынан туулгандыгы жөнүндө маалым кат (справка). Же болбосо тиешелүү саламаттыкты сактоо түзүмү тарабынан ыйгарылган дарыгер же медициналык кызматкер берген туулгандыгы жөнүндө маалым кат;

- баланын ата-энесинин (же ата-эненин биринин) өздүгү тууралуу документ.

Суроого КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин Балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Ильяс Колопов жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aayjamalka
2014-09-22 18:42:27
Суперстандын кайсыл болумундо окмот жооп берет деген
+1
Almazbek79
2014-09-22 22:50:21
aayjamalka, Ушул ссылканы басыныз http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
+2
Мэри
2014-09-23 10:34:32
Ажырашууну ойлобой, үй-бүлөңүздү сактап калууга аракет кылсаңыз болмок. Бир нерсени бузуу, бүлдүрүү оңой... Анча-мынчага чыдамдуураак болсоңуз, сиз жеңесиз деп ойлойм...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан