Бишкектин айрым аймактарына 22-сентябрдан 29-сентябрга чейин жаратылыш газын берүү токтотулат. Лев Толстой жана Каралаев көчөсүндөгү үйлөрдө, №3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, Асанбай, Көк-Жар, Улан жана Жал кичи райондорунда газ болбойт. "Газпром Кыргызстан" ишканасынын "Бишкекгаз" филиалынын билдиришинче, газ берүүнү токтотуу кышка карата жабдууларды оңдоо ишине байланыштуу болот.