Талас облусунун Манас районунда “Колдоо” кризистик борбору ачылды. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, анын ачылуу аземине социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты.
“Министрлик өкмөттүк эмес уюмдар арасында жети облуста калктын аялуу катмарларына ар тараптуу кызматтарды көрсөткөн пилоттук борборлорду ачуу боюнча сынак өткөзгөн. Алдын ала иликтөөлөр жүргүзүлүп, райондор тандалып алынган. Манас районундагы бул пилоттук борборго республикалык бюджеттен 945 миң сом бөлүнгөн”,- деди Эрик Күйкеев.