18-19-сентябрь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жазык-аткаруу системинде иштеген кызматкерлер арасында спорттун 5 түрү боюнча спартакиада болуп өттү. Ага 15 команда катышты. Бул тууралуу кечээ, 22-сентябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки күнгө созулган спартакиаданын негизинде жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Ал эми жеңген командага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин кубогу ыйгарылды.