Баткен шаарында 6-республикалык театр фестивалы өткөрүлөт

25-27-сентябрда Баткен шаарында 6-республикалык театралдык фестиваль өткөрүлөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, салтка айланган фестиваль Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына арналат. Фестивалдын негизги максаты - өнөр чеберлери менен биргеликте учурдагы театрлардын жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн жана чыгармачылык потенциалын өстүрүү жолдорун иш үстүндө талкуулоо, чечим кабыл алуу.

Иш-чарада көрүүчүлөр, Нарын облустук М.Рыскулов атындагы, Жумгал райондук К.Акиев атындагы музыкалык драма театрларынын, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жана Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын актёрлору көрсөткөн спектаклдерге күбө болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан