Бишкекте “Кыргыз тил илими: азыркы абалы жана келечеги” аттуу конференция өттү

Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда “Кыргыз тил илими: азыркы абалы жана келечеги” аталышында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу 22-сентябрда КРнын Улуттук илимдер академиясынан билдиришти. Иш-чара Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына жана мамлекеттик тил күнүнө арналган. Конференцияда кыргыз тилинин тарыхый грамматикасы, академиялык грамматикасын жазуу, кыргыз тилинин диалектологиясын изилдөө, кыргыз тилинин илимий жаңы тармагы болгон когнитивдик-лингвистикалык негизинде изилдөөлөр боюнча маселелер каралды.   

Күн тартибине коюлган маселелер талкууланган соң, төмөнкүдөй мазмундагы резолюция кабыл алынды:

- Кыргыз тилиндеги изилдөөлөрдүн илимий сапатын жогорулатуу;

- Кыргыз тил маселелерин жаңы багыттарда изилдөөлөрдү өркүндөтүү; 

- Кыргыз тилинин тарыхый грамматикасын колго алуу;

- Лексикография боюнча терминологиялык, этимологиялык, тарыхый сөздүктөрдү түзүүгө киришүү; 

- Түрк тилдеринин компьютердик фондун, тилдерди үйрөнүү жана башка программаларын түзүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alirun
2014-09-24 14:02:05
Конференцияларды откоргонубуз менен, кобубуз эле оз тилибиздин куйорманы эмеспиз. Откондо билим беруу мекемелери боюнча чыккан атайын китепчени барактап отурсам, бала бакчалар, мектептерде окутуу тили - орус тили экени жазылыптыр. Тили чыга элек балдарыбызга оз тилибизди окута албасак анда кыргыз тилинин келечеги кантип болсун! Мени ушул нерсе кейитет да...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан